20 август 2026
Кароолор: 4
Кадамжайда эл аралык өнөктөштөр менен маанилүү жолугушуулар өттү

2026-жылдын 20-августунда Кадамжай районунда эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда бир катар маанилүү жолугушуулар болуп өттү.
Улуу Британиянын Элчилигинин өкүлдөрү EGED долбоорунун алкагында жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуп, аймактагы ишкердиктин өнүгүүсү, жергиликтүү бизнестин мүмкүнчүлүктөрү жана актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Жолугушууга EGED программасынын жетекчиси Джафар Усманов жана Аида Акматалиева да катышты.
Ошондой эле
Швейцариянын өкүлдөрү менен Кадамжай районунун 2025–2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө районду өнүктүрүү, жергиликтүү бизнести колдоо, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
Мындай жолугушуулар Кадамжай районунун туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү ишкерлер менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.