06 август 2026
Кароолор: 8
Кадамжайда иммундаштыруу боюнча маалыматтык жыйын өткөрүлдү

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында «Айжан» коомдук фонду менен биргеликте калк арасында иммундаштыруунун мааниси тууралуу маалыматтык жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага райондогу дин кызматкерлери катышып, иммундаштыруунун коомдук саламаттыкты сактоодогу орду, эмдөөнүн жугуштуу оорулардын алдын алуудагы мааниси жана калкка так, ишенимдүү маалымат жеткирүү маселелери талкууланды.
Жыйын суроо-жооп жана ачык пикир алмашуу форматында өтүп, катышуучулар иммундаштыруу жаатындагы актуалдуу суроолорго жооп алышты. Ошондой эле калк арасында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана өз ара кызматташууну бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Иш-чаранын негизги максаты — иммундаштыруу боюнча туура маалыматты жайылтуу, эмдөөгө болгон ишенимди арттыруу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин өркүндөтүү болуп саналат.