31 август 2025

Кароолор: 15

Кадамжайда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы салтанаттуу белгиленди!

Бүгүн, Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы чоң салтанат менен өткөрүлдү. Иш-чарага Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу, Кадамжай шаарынын мэри Мурзажанов Алтынбек Саматович сөзгө чыгып, жалпы элди майрам менен куттуктады.

Майрамдык иш-чаранын алкагында жарандар үчүн жарманкелер, кол өнөрчүлүк жана жергиликтүү өндүрүштөрдүн көргөзмө-сатуулары уюштурулуп, көпчүлүккө майрамдык маанай тартууланды.

Майрам күнүнүн көркү концерттик программалар, улуттук ыр-бийлер жана маданиятыбызды даңазалаган сахналык көрүнүштөр менен ачылып, элдин маанайын көтөрүп, өзгөчө шаң тартуулады.