06 апрель 2026
Кароолор: 10
Кадамжайда социалдык контракттар боюнча сертификаттар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №385 токтомун ишке ашыруунун алкагында, Кадамжай районунун аймагынан социалдык контракт алууга кызыкдар болгон 100 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору кылдат текшерүү менен 53 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, 150000 сомдук сертификат тапшырылды.
Сертификаттарды тапшыруу аземи мамлекеттик администрация башчысынын орун басары жана Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын катышуусунда өттү.
Мындан сырткары катышуучуларга айыл райондук айыл чарба департаменти жана ветеринардык башкармалыгы тарабынан мал жандыктарды туура тандоо, убагында эмдөөдөн өткөрүү жана “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, социалдык контракт аркылуу берилген ири мүйүздүү бодо мал милдеттүү түрдө идентификацияланып, ЖИКС маалымат базасына каттоо боюнча, ошондой эле каржы сабаттуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.