26 январь 2024
Кароолор: 215
КАДАМЖАЙДА ТАШТАНДЫ ИРГӨӨ ҮЧҮН ЧЕЛЕКТЕР ОРНОТУЛДУ

25-январь күнү Кадамжай районунда айлана чөйрөнүн тазалыгын камсыздоо жана жарандарга ыңгайлуулук жаратуу максатында шаар аймагына 13 төн ашык таштанды таштоочу урналар орнотулду. Аталган долбоор Кадамжай райондук жаштар комитети жана шаардык жаштар кеңеши менен биргеликте даярдалып, ага "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду, "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмесинин кызматташтыгындагы "Жаш тирек" долбоору алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Демократия Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашкан.
Мындан сырткары аталган долбоорго Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, Кадамжай шаардык мэриясы материалдык жактан колдоо көрсөттү. Ал эми таштанды урналары негизги көчөлөргө орнотулду.