09 октябрь 2025

Кароолор: 13

Кадамжайда зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Бүгүн Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы өз ара аракеттенүү иш-мерчемине ылайык, трансулуттук коркунучтарды, аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуудагы кызматташтыкты күчөтүү, коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыздоо болду.

Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарлары, социалдык кызматкерлер, имам-хатибдер, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле катышуучулар зомбулуктун себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук институттардын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, маалымат алмашууну жакшыртуу жана профилактикалык иштерди системалуу жүргүзүү боюнча бир катар сунуштар кабыл алынды.