27 июль 2026

Кароолор: 8

Кадамжайдын жаш футболчулары эл аралык турнирдин чемпиону болушту!

Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын командаларынын катышуусунда өткөн «Fergana Cup» эл аралык футбол турнири ийгиликтүү жыйынтыкталды.

2012-жылы туулган өспүрүмдөр арасында күч сынашкан мелдеште "Кадамжай Металлург" командасы мыкты оюн көрсөтүп, татыктуу түрдө 1-орунду ээлеп, чемпион аталды.

Бул жеңиш – жаш спортчулардын талыкпаган эмгегинин, машыктыруучулардын кесипкөйлүгүнүн жана ата-энелердин колдоосунун үзүрү.

"Кадамжай Металлург" командасын эл аралык турнирдеги чоң жеңиши менен куттуктайбыз! Жаш футболчуларга мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн жетишкендиктерди каалайбыз!

Оюндардын жыйынтыгы:

Кадамжай – Локомотив 3:1

Кадамжай – Пахтакор 6:2

Кадамжай – Водий (Ташкент) 2:2

Кадамжай – Нур (Баткен) 3:0

Кадамжай – Вундуркин (Андижан) 3:0