10 август 2023
Кароолор: 162
Кадамжайдын Жеңиш айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат
Кадамжай районунун Исхак Полот хан айыл аймагына караштуу Жеңиш айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктоо алдында турат.
Мектептин курулуш иштери 2016-жылы башталган. Республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун жалпы сметалык баасы 50 млн сомдон ашык.
Учурда курулуш иштери 97 пайызга аяктаган. Мектептин имаратын бүткөрүү жаңы окуу жылына пландалган.
Курулуш иштерин «Акмат Курулуш» ЖЧКсы жүзөгө ашырууда.