07 июль 2026
Кароолор: 11
Кадамжайлык балбан Азия чемпионатында байгелүү орунду ээледи

2026-жылдын 27–28-июнь күндөрү Тайланд Королдугунун Паттайя шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча U15 жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кадамжай районунун жаш балбаны Тургунов Элдияр 75 кг салмак категориясында ийгиликтүү күч сынашып, III орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Бул жеңиш жаш спортчунун талыкпаган эмгегинин, өжөрлүгүнүн жана машыктыруучусу Табакел уулу Заманбектин үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат. Эл аралык деңгээлдеги мындай жетишкендик Кадамжай районунда спорттун, айрыкча грек-рим күрөшүнүн өнүгүп жаткандыгын дагы бир жолу тастыктады.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жаш балбанды, анын машыктыруучусун, ата-энесин жана жалпы спорт коомчулугун бул ийгилиги менен чын дилинен куттуктайт.
Жаш спортчуларыбыздын эл аралык ареналарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун бийик көтөрүп, өлкөбүздүн жана районубуздун намысын татыктуу коргоп жаткандыгы жалпыбыз үчүн чоң сыймык.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы спорт тармагын өнүктүрүүгө жана таланттуу жаштарды колдоого мындан ары да өзгөчө көңүл буруп, алардын жаңы ийгиликтерге жетишине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.