20 май 2024
Кароолор: 153
Кайрылман статусун берүү боюнча

“КАЙРЫЛМАН” ӨЗГӨЧӨ СТАТУС
Кадамжайда 11 жаранга кайрылман статусу берилди.
“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-ноябрындагы №175 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы №402 токтому менен бекитилген Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобосуна негиз Кадамжай районунда 2024-жылдын 15-майында Тажикстан Республикасынан келген 11 этникалык кыргыздарга Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан кайрылман күбөлүктөрүн тапшырды. Кайрылман күбөлүгүн алгандар бүгүндөн тартып, кыргыз жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк алышат.