07 октябрь 2025
Кароолор: 22
Калкты арзан баада көмүр менен камсыз кылуу иштери улантылууда.

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б. Баяке уулунун тапшырмасына ылайык, калкты арзан баада көмүр менен камсыз кылуу иштери улантылууда.
Бул багытта «Кыргыз-көмүр» мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, көмүрдү жеткирүү жана сатууну уюштуруу маселелери макулдашылды. Учурда көмүр ташуу иштери жүрүп жатат.
Райондун бардык айыл өкмөттөрүндө жана шаар мэрияларында атайын көмүр сатуу пункттары ачылган.
Учурда көмүрдүн баасы 1 мешогу 320 сомдон 350 сомго чейин сатылууда.
Жарандар арзан баадагы көмүр алуу үчүн тиешелүү мэрияларга же айыл өкмөттөрүнө кайрылса болот.