02 февраль 2026

Кароолор: 4

“Кантип туура кесип тандайбыз?” темасында багыт берүүчү маанилүү иш-чара болуп өттү.

Билимдүү жаштар — өлкөнүн келечеги! ✨

Кадамжай районунда 9–11-класстын окуучулары үчүн “Кантип туура кесип тандайбыз?” темасында багыт берүүчү маанилүү иш-чара болуп өттү.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, билим берүү бөлүмү жана SECOM билим берүү борборунун үч тараптуу келишиминин негизинде сынамык тестирлөө уюштурулуп, ага район аймагындагы 71 мектептен 750 окуучу катышып, өз билимдерин сынашты.

Сынамык тестте окуучулар кыргыз тили жана математика сабактары боюнча билимин текшерүү менен катар, негизги тестке даярдык деңгээлдерин баалоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жогорку жыйынтык көрсөткөн 50 окуучу акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ошондой эле бардык мектептерге ЖРТга даярдануу үчүн атайын колдонмолор тапшырылды.

Бул демилге жаштарга өз мүмкүнчүлүгүн туура баалап, кесип тандоодо туура багыт алууга чоң түрткү берет деп ишенебиз.