30 октябрь 2024
Кароолор: 83
Кара-Жантак айылынын эли менен жолугушуу

Аким Б.Баяке уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен биргеликте Кара-Жантак айылынын эли менен жолугушту.
Жолугушуга облустук жана райондук мамлекеттик мекеме- ишканаларынын жетекчилери катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылдын 28-августундагы №238 Жарлыгына ылайык, Кара-Жантак айылынын 246 тургунуна кыргыз жарандыгын тастыктаган паспортторду тапшырды. Ошондой эле Кара-Жантак айылына баруучу 2,3км жаңы курулган жол менен таанышып чыкты.