01 октябрь 2025
Кароолор: 25
Карысы бардын ырысы бар.

1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Кадамжай районунда карыларга арналган камкордуктун бир айлыгы жарыяланды. Анын алкагында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу 100 жаштан ашкан карыяларды жеринде куттуктады.
Ошондой эле карыялардын ар бирине облус жана район жетекчилери атынан куттуктоолор жана белектер тапшырылып,
Кадамжай районунда карылар айына карата сый-урмат көрсөтүү, куттуктоо, жана социалдык колдоо иштери улантылууда.
Учурда Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 12 карыя жашайт. Алардын ар бирине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун атынан белектер жеткирилүүдө.