28 декабрь 2023
Кароолор: 153
Коомдук коопсуздукту камсыздоо жыйыны өттү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан жетекчилигинде коомдук саясий абал жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу, райондун аймагында 31-декабрь күнү Жаңы-жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартип жана өрт коопсуздугун алдын алуу, майрам күндөрүнө карата тамак-аштын санитардык абалын кароо маселелери талкууланды. Жыйынгак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Кундузов, райондук ЖКККБнун башчысынын орун басары А.Эргешов, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Р.Айтиев, район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Ы.Карабаев, Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиев, Айдаркен шаарынын мэри А.Мурзажанов, Кадамжай, Уч-Коргон, Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун директорлору М.Эназаров, О.Муратов, Э.Сулайманов, райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Э.Мусаев. ж.б. катышты.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар чечимдер кабыл алынды. Жаңы-жылга карата жашы жете элек өспүрүмдөр арасында (кафе, ресторан, үйлөрдө) майрамдык кечелерди уюштурууга тыюу салынды. Жаңы-жылдык майрам кечелеринде жана дем алуу күндөрү кызматтык авто унаалар менен жүрүүгө тыюу салынды. О.э. майрам күндөрү спирттик ичимдиктерин ичип, жол коопсуздугунда укук коргоо органдарына түшкөн жетекчилерге аёсуз чара колдонулат. Мындан сырткары Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун сунушуна негиз көмүр кычкыл газына уулануунун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана такай көзөмөлгө алуутапшырмасы берилди.
Ал эми укук коргоо органдары тарабынан майрам күндөрү коомдук саясий абалды такай көзөмөлгө алып, күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзмөкчү.