11 сентябрь 2025
Кароолор: 30
КООМДУК ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙЛАР САНИТАРДЫК ЧЕНЕМДЕРДИН САКТАЛЫШЫ БОЮНЧА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Кадамжай шаарында соода-сатык, коомдук тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөр санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Атап айтканда, А.Орозбеков көчөсүнүн боюнда жайгашкан кафе, самсакана, чайкана, азык –түлүк дүкөндөрүнө мониторинг жүргүзүлүп, ал жерлерде иштеп жаткан кызматкерлерге азык-түлүктөрдү маркировкалоо, таңгактоо, тамак-аш азыктарын сактоо, тазалык , санитардык китепчелер боюнча түшүндүрмөлөр, эскертүүлөр берилди.
Мониторингге акимдин орун басары М.Айтматов, район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери А.Балтабаев, санитардык дарыгер Б.Курбаналиевдер катышты.