30 июль 2025

Кароолор: 17

Көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.Айтматов, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

М.Айтматов райондун акими Б.Баяке уулунун атынан куттуктоосун жолдоп, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына чоң салым кошуп жаткан энелерге терең ыраазычылыгын билдирип, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады. Ал, ошондой эле, энелерди алган жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, бүгүнкү иш-чарада 38 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми 13 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында келген конокторго белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланып, чакан фуршет уюштурулду.