11 январь 2025
Кароолор: 115
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча КР УКМКнын Баткен областтык башкармалыгынын тапшырмасына ылайык жыйын өткөрүлдү

Бүгүн аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында КР УКМКнын Баткен областы боюнча башкармалыгынын Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы Т.Кыдырбаев, 3-аймактык бөлүмүнүн кызматкери Ж.Иманбек уулу, Райондук прокурор А.Имангазиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Кундузов, райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте 2024-жылдын 25-декабрында бекитилген Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, алдын алуу жана болтурбоо максатында эскертүүлөр берилди.