02 сентябрь 2024
Кароолор: 19
КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо
Урматтуу мекендештер!
Касиеттүү Кадамжай районунун тургундары!
Баарыңыздарды өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын кабыл алынганына быйыл отуз үч жылдын жүзү толуп отурат. Бул жылдар аралыгында биздин өлкөбүз бир топ кыйынчылыктарга карабай, өнүгүү жолунда келе жатат.
Айта кетчү нерсе, быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл толуп отурат.
Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу инсандарыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүп негизделишине салым кошуп, кыргыз улутунун гүлдөп, өнүгүшү жана келечек муун үчүн өздөрүнүн өмүрүн арнашкан.
Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча 100 өнөр жай ишканаларын ачуу планга кирген. Анын ичинен Кадамжай районунда 5 өнөр жай ишканасынын курулуш иштерин жыл ичинде бүтүрүп, ишке киргизүү пландалган. Жана да 2023-жыл ичинде 5 мектеп ачылып пайдаланууга берилген болсо, мамлекетибиздин казынасы эселеп көбөйүп, 2024-жылга дагы беш мектепти ачуу планга киргизилген.
Акыркы үч жыл ичинде район аймагындагы бир канча айылдардын жолдору жаңыланса, 2024-жылга карата 45 км жолду асфальтоо иштери колго алынган. Албетте бул аткарылып жаткан иштерди мамлекетибиздин өнүгүү жолундагы жетишкендиктери деп айта алабыз.
Белгилеп айта кетчү нерсе, акыркы жылдар ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелерин чечүү, тактап айтканда эки өлкө ортосунда делимитация, демаркация иштери жүрүп, 2024-жыл ичинде бүтүү алдында турат. Ошонун натыйжасында Кара-Жантак айылы Кыргызстандын карамагына өтүп, канчалаган адамдар өз элине кайтканы жатат. Албетте, бул аябай чоң кубаныч.
Бул аткарылып жаткан иштер биз үчүн чек болбойт. Биздин алдыбызда дагы көптөгөн максаттар менен милдеттер турат. Өлкөбүз, элибиз аман болсо, арабызда тынчтык, биримдик менен ынтымак болсо, Кадамжайыбызды Кыргызстандагы 40 райондун ичинен өнүккөн район катары алдыга чыгарып, алдыга койгон максаттардын баарын аткарабыз.
Урматтуу мекендештер!!! Көз карандысыз өлкөдө жашоо-бул сыймык, кубаныч. Анткени, азыркы учурда ар кандай тарыхый себептердин натыйжасында өзүнүн мамлекети жок элдер да бар. Алардын миллиондогон эли, өз тилдери, маданияты жана каада-салттары бар, бирок эң негизгиси – ата мекени, көз карандысыздыгы жок. Ошон үчүн, биз бейиштей болгон
кереметтүү Кыргызстанда жашап жатканыбызга шүгүр кылып, Кыргызстаныбыздын, районубуздун жаркын келечеги үчүн ар бирибиз өз баалуулуктарыбызды, үрп-адат, каада-салттарыбызды бекем карманып, жоопкерчиликтүү болушубуз керек.
Кыргыз элинде »Ынтымагы жок элдин ырыскысы кем болот, биримдиктүү улуттун тапкан наны мол болот« деген сөз бар. Ошондуктан, Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, эгемендикти көздүн карегиндей сактоо менен гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин негизги милдетибиз.
Урматтуу Кадамжай районунун тургундары, кадырман аксакалдарыбыз, мээримдүү энелерибиз, билимдүү жана патриот жаштарыбыз! Баарыңыздарды дагы бир жолу Эгемендүүлүгүбүздүн 33 жылдык майрамы менен куттуктайм. Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Ар бир үйдө молчулук, токчулук ыроолосун. Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун! Ак кар баскан Ала-Тообуздан кут кетпей, желегибиз желбиреп, бийиктиктен түшпөсүн. Майрамыңыздар менен!
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткан