02 октябрь 2026
Кароолор: 7
КР ӨКМнин министри Кадамжай районундагы бир катар объектилердин абалы менен таанышты

2026-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.К. Чыныбаев Баткен облусунун Кадамжай районуна иш сапары менен келди.
Иш сапарга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. Гыязов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жумушчу сапардын алкагында министр Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылында курулуп жаткан көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ошондой эле Кадамжай районунун Кырыгыз-Кыштак айылындагы Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №107 Өрткө каршы куткаруу бөлүмчөсүн жаңы имаратын куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп чыкты.
Мындан тышкары, Ак-Турпак айыл аймагындагы Өтүкчү, Кызыл-Коргон жана Чоң-Кара айылдары аркылуу өткөн Кожо-Ашкан (Сох) дарыясынын абалы жеринен каралды.
Министр тиешелүү жетекчилерге кооптуу тилкелердеги кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана тиешелүү иштерди өз убагында жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.