19 май 2025
Кароолор: 21
КУЛАКТАНДЫРУУ!

Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 сандуу "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобосу боюнча, райондун аймагындагы мунапыс объектилерине кирген мыйзамсыз курулуштар боюнча 2025-жылдын 1-июнуна чейин арыздар кабыл алынарын билдиребиз.
Ошондуктан, эгерде сиз 2021-жылга чейин турак жай куруп, жашап жатсаңыз же жашоо максатында курулган объектилериңиз бар болсо, анда чечим чыгаруу үчүн керектүү документтерди райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу зарыл экендигин маалымдайбыз.
Эскерте кетебиз: белгиленген мөөнөттөн кечикпөө өтө маанилүү!
Кошумча маалымат алуу үчүн жашаган жериңиздеги айыл өкмөтүнө же шаардын мэриясына кайрылсаңыз болот.