21 октябрь 2026

Кароолор: 2

КҮЗ ҮНҮ – КҮҮДӨ ЖАНА ЫРДА!

2026-жылдын 21-октябрында Б. Өмүрзаков атындагы балдар музыкалык мектебинин таланттуу окуучулары тарабынан берекелүү күз мезгилине арналган салтанаттуу майрамдык концерт болуп өттү!

Жаш музыканттарыбыз өз чеберчиликтерин көрсөтүп, кулакка жагымдуу обондорду, кооз ырларды жана классикалык чыгармаларды тартуулашты. Иш-чарага катышкан көрүүчүлөр окуучуларыбыздын талантына, аткаруучулук чеберчилигине күбө болуп, өзгөчө майрамдык маанайда кайтышты.

Биздин жаш таланттарга мындан ары да чоң чыгармачылык ийгиликтерди, канаттуу кыялдарды жана жаңы жеңиштерди каалайбыз! Мугалимдерибизге талыкпас эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!