15 октябрь 2026

Кароолор: 9

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү Кадамжай районунун ишкерлери менен жолугушту

2026-жылдын 15-октябрында Кадамжай райондук мамлекттик админстрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу жана Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун төрагасы Игбал Бабаев баштаган делегациянын өкүлдөрү, Кадамжай районунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты — өнөктөштөргө Кадамжай районунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, аймактагы ишкерлер менен кызматташуусун өнүктүрүү жана Кадамжай районунун ишкерлерине Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, Фонддун инвестициялык ишмердүүлүгү өндүрүш жана кайра иштетүү, агроөнөр жай комплекси, энергетика, текстиль жана тигүү өнөр жайы, транспорт жана логистика, медицина, туризм сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды камтыйт.

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду инвестициялык колдоо максатында түзүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Фонддун өкүлдөрү менен жергиликтүү ишкерлердин ортосунда ачык пикир алмашуу болуп, ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Ошондой эле инвестиция тартуу, келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактагы ишкердик демилгелерди колдоо маселелери каралды.

Фонд 2022-жылдын октябрь айында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде негизделген. Башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан.