01 ноябрь 2024

Кароолор: 72

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара өттү. Маараке Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында өтүп, ага Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы аким Б.Баяке уулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ИИМдин кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Б.Баяке уулу милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктап, милиция кызматкерлеринин жооптуу, татаал иштерине ийгиликтер жарала берүүсүнө, элибизде тынчтык болуусуна тилектеш экенин билдирди.

Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата иш-чара өткөзүлүп, милициянын ардагери Аман Жалиловдун элесине арналган мемориал эстелиги ачылды.

Ошондой эле кызматтык милдетемелерин так аткарып, коомдо тартипти орнотууга салымын кошуп келе жаткан милиция кызматкерлерине ыраазычылыктар билдирилди.