26 август 2026
Кароолор: 11
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Ташбалтаевдин жетекчилигинде жыйын өткөрүлдү.

2026-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Ташбалтаевдин жетекчилигинде жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Жыйындын күн тартибинде
-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилүүчү жана ачылуучу объектилердин даярдыгы;
-2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулуп, аныкталган көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди тез арада чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.