28 май 2024

Кароолор: 92

Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнүнүн 25 жылдык мааракеси

Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоого ант берип, мындай ары татаал, ары сыймыктуу милдетке башын байлап, өмүрүн арнаган чек арачыларыбызга, бүгүнкү күндө бул ыйык милдетти аткарып жаткан кызматкерлерге чың ден соолук, кажыбас кайрат жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Ар дайым эл четинде, жоо бетинде туруп, Ата Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо милдети сиздерден эң алды менен мекенчилдикти, жогорку жоопкерчиликти, кесиптик чеберчиликти дайыма жогорулатып турууга, Кадамжай районунун аймагындагы элдин тынчтыгын сактоодо, 2023 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан жоопкерчиликтүү иштер аткарылып жатат.

Асманыбыз ачык болуп, ар дайым тынчтыкта, кубануу, сыймыктануу сезим менен белгиленсин!

Чек арачылардын бардык муундарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө бакубат жашоо каалайбыз.