15 апрель 2026

Кароолор: 10

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында жарандарга мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, коопсуз миграциянын негизги принциптери, укук-милдеттери жана эмгек келишимдерин туура түзүү боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери, алдын ала даярдык чаралары, www.migrant.kg сайты, медициналык текшерүү, документтерди даярдоо жана алдамчылык схемалардан сактануу жолдору түшүндүрүлдү.

Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси М. Абдураимов, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Миграция башкармалыгынын башчысы Э. Эргешов, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, социалдык адистер, айыл башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.