15 май 2026

Кароолор: 4

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, 2026-жылдын 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Рахимов Кадамжай районунун Айдаркен шаары жана Бирлик айыл өкмөтүнүн тургундар

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн социалдык жана инфраструктуралык маселелер талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилген. Аталган жыйында ыйгарым укуктуу өкүл райондун акими Б. Баяке уулуна бир катар маселелерди жеринде көзөмөлгө алып, ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар жүктөлгөн.

Берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында бүгүн Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Айдаркен шаары жана Бирлик айыл өкмөтүнө барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, көтөрүлгөн маселелердин абалы менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө жарандардын кайрылуулары угулуп, тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө маселелерди мыйзам чегинде жана өз мөөнөтүндө чечүү боюнча милдеттер коюлду. Район жетекчилиги тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы туруктуу көзөмөлдө болору белгиленди.