23 сентябрь 2026
Кароолор: 8
Кыргыз Республикасынын Президентинин №181 Жарлыгын аткаруу максатында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарандар менен түз байланыш уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин №181 Жарлыгын аткаруу максатында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарандар менен түз байланыш уюштурулат.
Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу, сунуш-пикирлерин угуу жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү талкуулоо максатында ар бир айдын акыркы ишемби күнү түз телефон линиясы иштейт.
Өткөрүлүүчү аймак: Кадамжай району
Убактысы: 09:00–11:00
Түз байланыш телефону: 0554 300 432
Аталган түз байланыш аркылуу жарандар өздөрүнүн сунуштарын, пикирлерин, көйгөйлөрүн жана башка кайрылууларын билдирип, тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү ала алышат.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого жана көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө көмөк көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Жарандар менен түз жана ачык байланышта иш алып баруу, алардын көйгөйлөрүн угуу жана чечүүгө көмөк көрсөтүү — райондук мамлекеттик администрациянын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири.
ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ — БИЗ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ!