06 ноябрь 2024

Кароолор: 17

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндөгү” №231 Жарлыгына ылайык, районубузда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана мекеме-ишкана жетекчилери катышып, ата-бабалардын эстеликтерине гүл чамбарлар коюлду.

Биз сыймыктанган бай тарыхты тартуулаган ата-бабаларыбыздын жаркын элесине таазим этебиз.

“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” демекчи кадырлуу инсандарды даңктап, муундан муунга жеткирүү ар бирибиздин атуулдук ыйык парзыбыз.