21 сентябрь 2024
Кароолор: 66
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына негиз апрель жа

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына негиз апрель жана сентябрь айынын ар үчүнчү ишембиси улуттук тазалык күнү деп белгиленген.
Ага байланыштуу Кадамжай районунун аймагында 14-сентябрьдан 21-сентябрьга чейин тазалык жумалыгы болду.
Бүгүн 21-сентябрь ишембилике район аймагындагы айыл аймактарда ишембиликтер тиешелүү деңгээлде уюштурулду, бардык мекеме ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) кызматкерлер катышып ишембилик өткөрүлдү.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан баштаган жамаат Кадамжай шаарынын таштанды таштоочу (мусорный полигон) жайында таштандыларды тазаланып иретке келтиришти.