14 май 2026
Кароолор: 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында балдар бакчаларын куруу, автобекетти оңдоо, ички жолдорду оңдоп-түзөө, жол курулушунун сапатын көзөмөлдөө, балдар ойноочу аянтчаларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, дарыгерлердин жетишсиздиги, онлайн насыялар боюнча коопсуздукту күчөтүү, турак жай маселеси, каржы пирамидаларына байланыштуу көйгөйлөр, мал союучу жайлардын санитардык абалы, мунапыс маселеси, өндүрүш ишканаларын куруу жана жеке социалдык-укуктук кайрылуулар айтылды.
Көтөрүлгөн бардык маселелер тиешелүү мекеме-ишканаларга жеткирилип, мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрү белгиленди.