14 май 2026
Кароолор: 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б. Баяке уулу, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, калкты таза суу менен камсыздоо, ички көчөлөргө тротуар куруу, жол коопсуздугун камсыздоо, электр чубалгыларын жаңылоо, сугат суу маселесин чечүү, тике суу кудуктарын казуу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, камсыздандыруу жана жөлөк пул алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Мындан сырткары, айыл чарба продукцияларын коңшу мамлекеттерге, өзгөчө Өзбекстан Республикасына экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, минералдык жер семирткичтердин кымбатташы, кадр маселеси, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, кымбатчылык жана мунапыс маселелери боюнча да суроолор берилип, тиешелүү жетекчилер тарабынан жооптор айтылды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынарын белгилеп, тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмаларды берди. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен ачык диалог жүргүзүү, көйгөйлөрдү жеринде чечүү багытындагы иштер мындан ары да улантыларын билдирди.