13 май 2026

Кароолор: 6

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун Масалиев жана Майдан айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга 350дөн ашуун тургун катышты. Иш-чарага ошондой эле Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар социалдык объектилерди куруу, таза суу менен камсыздоо, ички жолдорду оңдоо, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, дарыялардагы кум-шагыл карьерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, социалдык колдоолор жана башка жеке маселелер боюнча кайрылууларын билдиришти.

Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленди.