11 май 2026

Кароолор: 13

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов графикке ылайык Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

2026-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов графикке ылайык Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыздоо, жол маселелери, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына байланышкан маселелер талкууланды.

Жергиликтүү тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, көйгөйлүү маселелер боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Тиешелүү мекеме жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.