25 май 2026
Кароолор: 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 2026-жылдын 25-май күнү, өлкө башчысы С.Н.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү, социалдык-экономикалык абал, инфратүзүмдү өнүктүрүү, таза суу, жол, электр энергиясы жана башка актуалдуу маселелер талкууланды. Тургундар тарабынан көтөрүлгөн суроо-талаптар угулуп, тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмалар берилди