21 май 2026
Кароолор: 7
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана Молдо-Нияз айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 2026-жылдын 21-май күнү, өлкө башчысы С.Н.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана Молдо-Нияз айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктура, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жол маселелери жана жарандарды түйшөлткөн башка көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле тургундардын суроо-талаптары угулуп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.