19 май 2026

Кароолор: 2

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Орозбеков айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 2026-жылдын 19-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Орозбеков айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктура, калкты таза суу менен камсыздоо, жол маселелери жана жарандарды түйшөлткөн башка көйгөйлөр талкууланып тургундардын суроо-талаптары угулуп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди