21 октябрь 2025

Кароолор: 421

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Токсонбаевдин төрагалыгы алдында кезектеги отурум өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды карап чыгуу жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Токсонбаевдин төрагалыгы алдында кезектеги отурум өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктардын жүрүшү, шайлоо комиссияларынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мекемелерге белгиленген мөөнөттө бардык даярдык иштерин жогорку деңгээлде бүтүрүү тапшырмалары берилди.

Жыйындын соңунда Б. Токсонбаев шайлоонун ачык, таза жана мыйзам чегинде өтүшүн камсыз кылуу ар бир жетекчи менен жооптуу кызматкердин негизги милдети экенин белгиледи.