18 июнь 2026

Кароолор: 5

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М. Каримбердиева Кадамжай районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объекттердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык багыттагы мекемелердин учурдагы абалын көрүп, жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурду. Жумушчу сапарга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Акматов катышты.

Ошондой эле объекттердин материалдык-техникалык базасы, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана инфраструктуралык маселелер боюнча маалыматтарды угуп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.