20 май 2024

Кароолор: 98

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык маарекесине карата

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 19-февралындагы “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык маарекесине байланыштуу 2024-жылы өткөрүүлүчү иш-чаралар Планын бекитүү жөнүндө” 11-Т сандуу тескемесинин алкагында, Кадамжай районунун прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагындагы мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен ачык эшик күнү уюштурулуп, прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү, багыттары, тарыхы боюнча маалыматтар берилип, келген окуучулар райондук прокуратурасы тарабынан уюштурулган музей жана прокуратуранын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып, кызыккан суроолоруна жооптор берилди.

Ошондой эле, жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүүнү, “Үй-бүлөлүк зордук зомбулук” “Өз өмүрүнө кол салуу” сыяктуу коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдүн алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн мыйзам менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.