20 май 2024

Кароолор: 277

Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 19-февралындагы “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык маарекесине байланыштуу 2024-жылы өткөрүүлүчү иш-чаралар Планын бекитүү жөнүндө” 11 -Т сандуу тескемесин аткаруу максатында 2024- жылдын 17- майында Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы Ж. Мамажанов атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдык юбилейлик мааракесине карата салтанаттуу иш- чара болуп өттү.

Бул иш чарага райондун аймагындагы тиешелүү мекеме жетекчилери, райондун имам хатиби, айыл имамдары, мектептердин соцпедагогдору, ата энелер комитеттеринин төрага төрайымдары, жаштар комитетинин, аялдар, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Аталган иш-чара официалдуу жана көркөм бөлүктөн туруп, официалдуу бөлүктө тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан маалыматтар берилди.

Ал эми экинчи көркөм бөлүктө кылмыштуулук, суицид, эрте никеге туруу жана зордук-зомбулук боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.