23 сентябрь 2026

Кароолор: 13

Кыргыз тилин урматтоого үндөө, жаш муундардын эне тилге болгон кызыгуусун арттыруу жана тил маданиятын өнүктүрүү.

Кадамжай районунун аймагындагы китепканаларда жана билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» багытындагы №369 жарлыкты аткаруу максатында улуттук баалуулуктарды, эне тилди, тарыхый-маданий мурастарды жана руханий дөөлөттөрдү сактоо, өнүктүрүү боюнча тил күнүнө карата бир катар маданий- иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын негизги максаты — мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жана маанисин жогорулатуу, кыргыз тилин урматтоого үндөө, жаш муундардын эне тилге болгон кызыгуусун арттыруу жана тил маданиятын өнүктүрүү.

Иш-чаралардын алкагында окуучулар, мугалимдер коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда адабий кечелер, көркөм окуулар, дилбаян жана ыр сынактары, китеп көргөзмөлөрү, тегерек столдор жана тематикалык жолугушуулар уюштурулду.

Мындан тышкары, Кадамжай районундагы китепкана кызматкерлери тарабынан Капитан Ыкышев атындагы аскер кызматкерлерине арналган «Мекен сыймыгы тилден башталат» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин мааниси, анын улуттук баалуулуктарды жана мекенчилдик сезимди калыптандыруудагы орду тууралуу сөз болуп, аскер кызматкерлери менен китепкана кызматкерлеринин ортосунда пикир алышуу болду. Ошондой эле кыргыз тилин даңазалаган чыгармалардан көркөм окуулар уюштурулуп, тилге жана мекенге болгон сый-урматты арттырууга багытталган баяндамалар жасалды.

Мындай иш-чаралар жаштардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, улуттук маданиятты, каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды кеңири жайылтууга багытталган.