21 май 2026
Кароолор: 4
“Кыялымдагы Кыргызстан – Баткен-2026” жаштар форумунун алкагында Кадамжай районундагы мектептердин жана лицейлердин окуучулары арасында уюштурулган футбол турниринин финалдык беттеши салтанаттуу түрдө өтүүдө.

Аталган спорттук мелдеш жаштарды сергек жашоого үндөө, достукту жана ынтымакты бекемдөө, өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду. Турнирге район аймагынан жалпы 8 команда катышып, өз ара күч сынашууда.
Мелдештин жүрүшүндө командалар жогорку даярдыгын, биримдигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алышты. Ар бир оюн күйөрмандардын кызыгуусун жаратып, жаш спортчулардын чеберчилиги көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Финалдык оюн өзгөчө маанайда өтүп, жеңүүчү командалар диплом, кубок жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. Ошондой эле мыкты оюнчулар атайын номинациялар боюнча аныкталат.