19 декабрь 2025
Кароолор: 5
М. Айтматов Молдо Нияз айыл аймагынын Кан айылында жайгашкан №72 кесиптик лицейинде ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.

2025-жылдын 18-декабрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М. Айтматов Молдо Нияз айыл аймагынын Кан айылында жайгашкан №72 кесиптик лицейинде ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуу-тарбия процессинин сапатын жогорулатуу, коопсуздукту камсыз кылуу, кесиптик билим берүүнүн учурдагы абалы жана ата-энелер менен кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.
Ошондой эле катышуучулар тарабынан берилген сунуш-пикирлер угулуп, тиешелүү жооптор берилди.