13 август 2026

Кароолор: 11

МАЙДАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ КАРАЛДЫ

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Майдан айыл өкмөтүндө болуп, жергиликтүү тургундар тарабынан жазуу жүзүндө берилген арыз-даттанууларды карап чыкты.

Жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелер ар тараптуу каралып, алардын чечилиши боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Район жетекчилиги тарабынан жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында угуп, мыйзам чегинде чечүү жана калк менен тыгыз байланышта иш алып баруу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.