16 июль 2026

Кароолор: 8

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызматкерлери Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Майдан айыл аймагында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер үймө-үй кыдырып, жарандарга турак жайды камсыздандыруунун мааниси, анын артыкчылыктары жана күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу материалдык чыгымдардын ордун толтуруудагы ролу тууралуу кеңири маалымат беришти.

Мындан тышкары, жарандарга жеринде консультациялар көрсөтүлүп, турак жайларын мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү кызматтары уюштурулду.

Мындай маалыматтык иш-чаралар калк арасында камсыздандыруу маданиятын калыптандырууга, жарандардын мүлкүн коргоого жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтууга багытталат