21 февраль 2024

Кароолор: 199

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАР МЕНЕН ИШКЕРЛЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕНИ ЧЫҢДОО ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮ

 Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын жетекчилигинин астында район аймагына инвестиция тартуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлерди колдоо жөнүндөгү”, КРнын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндөгү” жана КРнын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы “Ишкердик субьектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндөгү” Жарлыктарына ылайык ишкерлерди колдоо  жыйыны болуп өттү.

  Жыйында мамлекеттик кызматтар менен ишкерлердин ортосундагы мамилени чыңдоо, ишкерлерди коргоо, колдоо жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү чаралары талкууланды. Атап айтсак, райондун аймагындагы бардык жеке ишкерлер, айыл өкмөт башчылары менен инвестиция адистери, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен областтык мекемесинин директору Данияр Абдуллаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Баткен облусундагы өкүлү Жайлообек Жакшылыков, “Кепилдик фонд” ААКнун башкармалыгынын Баткен филиалынын директору  Канымет Токтосунов, “Айыл банк” ААКнун Кадамжай филиалынын директору Абдыкасым Акматов, “РСК банк” ААКнун Кадамжай филиалынын директору Берди Калчаев, Агровей өкүлдөрү, райондук мекеме ишканалар жетекчилери катышты.

 

  Жыйынтыгында райондук денгээлде ишкерлердин кеңешин түзүү чечими кабыл алынып, ишкерлер кеңешинин төрагалыгына жеке ишкер Актөрө Саттаров шайланды. Алдыда ишкерлерди колдоо багытында алгылыктуу иштер алып барылмакчы.