21 апрель 2026

Кароолор: 7

МАСАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖАҢЫ ФАП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы коомдук фондунун каржылоосу менен Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Разъезд айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) типтүү имараты курулуп бүткөрүлдү.

2026-жылдын 21-апрелинде аталган имараттын ачылыш аземи өткөрүлүп, кызыл тасмасы кесилип, ФАП расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Жаңы курулган имарат бардык зарыл шарттар менен камсыздалып, жергиликтүү калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.