06 октябрь 2026
Кароолор: 7
МАСАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ЖОЛУГУШУУДА АЙТЫЛГАН СЫН-СУНУШТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 6-октябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Рахимовдун 2026-жылдын 11-майында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушуусунда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында жооптуу мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана тиешелүү кызмат адамдарына Масалиев айыл аймагынын тургундары тарабынан айтылган сын-сунуштарды сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, белгиленген маселелердин чечилиши боюнча маалыматтарды өз убагында берүү милдеттендирилди.